Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
13/12 13:02
 

Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

Бишкек, 13-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-декабрда өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы жакында болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана референдумдун жүрүшүндө белгиленген шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Индира Жолдубаева мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө жана андай учурларда өз убагында мыйзам чегинде чара көрүү максатында жер жөнүндө жана шаар куруу мыйзамдарынын так сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлгөнүн Президентке баяндады.

Президент Алмазбек Атамбаев тартиптүүлүктү жана мыйзамдуулукту бекемдөө боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгиледи жана Башкы прокуратурага кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишти күчөтүүгө, ошондой эле превентивдүү чаралардын натыйжалуугун арттырууга тийиштүү бир катар тапшырмаларды берди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу