Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
12/12 16:59
 

Бишкекте улгайгандардын маселелери боюнча эл аралык жыйын өтөт

Бишкек, 12-декабрь /Кабар/. Бишкекте КМШ мамлекеттеринде улгайгандардын маселелери боюнча улуттук саясатты өркүндөтүү: тармактардагы өнөктөштөрдүн тажрыйбасы жана өз ара байланыштын келечектери” аттуу 2 күндүк эл аралык жыйын өтөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын негизги максаты – Кыргызстанда улгайган адамдардын жашоосун жакшыртууга багытталган Комплекстүү Улуттук программага сунуштардын пакетин иштеп чыгуу болуп саналат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, Улуттук ститистика комитети тарабынан КРде калктын улгаюсу изилденүүдө.

“Улгаюну изилдөө боюнча жер-жерлерде иштер уюштурулган. Изилдөө анкеталык сурамжылоо түрүндө республика боюнча жүргүзүлдү, ага 4000 үй кызматкерлери катышты” -деди министрдин орун басары.

Ал ошондой эле, 2017-жылы улгайган адамдардын жашоосун жакшыртууну камсыз кылуу боюнча 2018-2027-жылдарга комплекстүү программа иштелип чыкканын белгиледи.

Жыйынга Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандык, Түркмөнистандын, Армениянын жана Грузиянын «AgeNetInternational» эл аралык тармактарынын мүчөлөрү, министрликтердин, ведомстволордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу