Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/12 15:11
 

Президент Алмазбек Атамбаев Каирдеги терактка байланыштуу Египет Президентине көңүл айтты

Бишкек, 12-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Каирдеги терактынын кесепетинен көп адамдар курман болгондугуна байланыштуу Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Аль-Сисиге көңүл айтты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргызстан бардык түрдөгү терроризмди чечкиндүү айыптайт жана эл аралык коомчулуктун бул коркунучка каршы туруу аракеттерин колдойт», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу