Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/12 10:40
 

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт

Бишкек, 12-декабрь /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-250-чакырымдарында) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2016-жылдын 10-декабрынан 14-декабрына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КРнын Жарандык коргонуунун башчысы – Премьер-министрдин 2016-жылдын 9-декабрында №8-буюртмасы чыккан.

Жогорудагы иш-чараларды аткаруу үчүн, КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынан артиллериялык эсеп, 2016-жылдын 10-декабрында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынан саат 06:25де жолго чыгышып, 20:30да Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Итагар” постуна жетишип түнөшкөн.

2016-жылдын 11-декабрындакар көчкү коркунучу бар участокторду чалгындоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада, Бишкек-Ош унаа жолунун 222- 223-231-236-246-чакырымдарында кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иш-чаралары мерчемделди.

2016-жылдын 12-декабрында КР ӨКМнин ыкчам тобу Генералдык штабынын артиллериялык эсеби менен биргеликте кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иш-чаралары 222-чакырымда башталат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу