Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
11/12 16:39
 

Эл аралык байкоочу: “Добуштарды сатып алуу көйгөйү менен барынан мурда эл күрөшү керек”

Бишкек, 11-декабрь /Кабар/. Добуштарды сатып алуу көйгөйү менен мамлекет гана эмес, барынан мурда эл күрөшү керек. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Максим Лебединский билдирди.

“Биз таза шайлоо тууралуу айтканда шайлоо институттары тууралуу гана эмес, биринчи кезекте жарандар жөнүндө айтабыз. Эч кимдин кимдир-бирөөгө добуш берүүгө мажбурлаганга укугу жок. Адам добуш берүүгө бара жатканда ал өзү чечим чыгарат. Эгер жаран акча принциби боюнча добуш берсе, ал мамлекеттин эмес ошол жарандын өзүнүн көйгөйү. Ар бир адам өзүнүн тандоосу үчүн жоопкер. Добуштарды сатып алуу көгөйү менен күрөшүүдө коом мамлекет менен бирге турушу керек, анткени мамлекет жалгыз аны жолго кое албайт”,-деген М.Лебединский, Кыргызстан добуш берүүдө автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды колдонуу менен алдыга кадам жасаганын белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу