Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
11/12 15:59
 

БШК башчысы: “Бир эле участкада автоматтык түрдө эсептөөчү урна иштебей калган”

Бишкек, 11-декабрь /Кабар/. Бир гана Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун “Көк-Жар” участкасында автоматтык түрдө эсептөөчү урна иштен чыккан. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал белгилегендей, ар бир участкада адистердин тобу иштейт, алар добуш берүү процессинин жүрүшүн көзөмөлдөйт. “Автоматтык түрдө эсептөөчү урналар иштебей калган учурларда ар бир участкада кошумча урна болот. Эгер негизги урна да, резервдик урна иштебей калган шартта, стационардык урна менен алмаштырылат. Бирок “Көк-Жар” участкасынан башка жерде мындай окуя катталган жок”, -деди Н.Шайлдабекова.
Ошондой эле, ал адистер бардык чакырыкка ыкчам чара көрүп жатканын кошумчалады.

Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу