Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
11/12 15:13
 

Төрага Чыныбай Турсунбеков шайлоого жана референдумга добуш берди

Төрага Чыныбай Турсунбеков шайлоого жана референдумга добуш берди

Бишкек, 11-декабрь /Кабар/. Бүгүн, 11-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков №5 кесиптик лицейиндеги шаардык шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилүүчү түзөтүүлөргө байланыштуу өтүп жаткан референдумга добуш берди. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

Жарандык милдетин аткарган соң ЖМК өкүлдөрүнүн бир катар суроолоруна жооп берген Төрага, жергиликтүү кеңештерди шайлоонун жана Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөргө байланыштуу өтүп жаткан референдумдун жыйынтыгы жалпы элдин эрки экенин белгилеп: “Шайлоо жана референдум демократиялык нукта өтөт деп үмүт кылам”, – деди.

Ошондой эле, “Биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен өткөрүлүп жаткан бүгүнкү шайлоодо карама-каршылыктуу пикирлер болбосуна күбө болосуздар” – деп кошумчалады.

Андан тышкары, аталган шайлоодон жана референдумдан кийин парламенттин таркашына себеп жок экендигин айткан Чыныбай Турсунбеков, “Кумтөр” маселесине жана шайлоочулардын добушун сатып алууга каршы жазаларды күчөтүү үчүн даярдалып жаткан мыйзам долбоору өңдүү бир катар суроолорго жооп берди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу