Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
11/12 15:06
 

МКК башчысы 28 адам үчүн башкалар добуш бергени тууралуу билдирүүнү жокко чыгарды

Бишкек, 11-декабрь /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев Бишкектеги 1105 участкада шайлоочулар алардын ордуна мурда башкалар добуш берип койгонуна байланыштуу добуш бере албаганы тууралуу билдирүүгө комментарий берди. Эскерте кетсек, ЖМКларда 28 адам үчүн башкалар добуш берип койгону тууралуу билдирүү тараган.

Т.Сарпашевдин айтымында, аталган маалымат чындыкка дал келбейт. “Чындыгында ошол участкада 5 секунда электр энергиясы өчүп калган. Ошол убакта 2 шайлоочу идентификациядан өтүп, бирок аппарат чектин печатын чыгарууга жетишпей калган. Сөз 28 эмес, 2 жаран тууралуу болуп жатат”,-деди ал.

Мындан тышкары, Т.Сарпашев 10 күндүн ичинде МКК ким добуш берди жана ким шайлоо жана референдумга катышпаганы тууралуу маалыматты БШКга берет деп кошумчалады.
“БШКнын сайтынан өзүңдң тактап алсаң бболот”,-деди ал.

Ошондой эле, Т.Сарпашев чындыгында техникалык жактан айрым көйгөйлөр бар экенин айтты. “Кары адамдар бар, алардын манжасынын тактары саналбай калган, же жабдыктан ката кеткен учур болушу ыктымал, бирок аны жоюуга 20 мүнөт убакыт кетет”,-деп коошумчалады МКК башчысы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу