Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
11/12 13:59
 

Кыргызстан өзүнүн көз карандысыздыгын эл аралык уюмдарга берген дүйнөдөгү жалгыз өлкө – Алмазбек Атамбаев

Бишкек, 11-декабрь /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүнүн көз карандысыздыкты бекемдөө жана “акмактардан” коргонуу тууралуу пунктун өтө маанилүү деп эсептейт.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга добуш берүүдөн кийинки басма сөз жыйында Алмазбек Атамбаев Кыргызстан өзүнүн көз карандысыздыгын БУУ сыяктуу уюмдарга берген дүйнөдөгү жалгыз өлкө деп билдирди.

“Ал жакта 16 киши олтурат, ошолор уюмду башкарат. Ал адамдар ал жакка кандайча барып, барын билип калышат. Экинчиден, бул кийинки келе турган президенттердин өлкөнү артка тартпоосунан коргонуу. Азыркы Конституция мамлекетибизди парламенттик өлкө кыла алган жок, ал президенттик-парламенттик. Өткөн 5 жыл аралыгында мен өлкөнү каалагандай башкара алат болчумун”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу