Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
11/12 13:18
 

Президент Алмазбек Атамбаев Стамбулдагы көп сандаган курмандыктарга алып келген терактка байланыштуу көңүл айтты

Бишкек, 11-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Стамбул шаарындагы терактылар көп сандаган курмандыктарга алып келгендигине байланыштуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

«Кыргызстан эли түрк элинин аза кайгысын тең бөлүшөт жана бардык көрүнүштөгү терроризмди чечкиндүү айыптайт», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, ошондой эле жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалай тургандыгын билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу