Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
09/12 15:08
 

Кыргызстандын коомдук бирикмелери Конституцияга өзгөртүүкиргизүү боюнча референдумду колдошот жана жарандарды референдумдун өтүшүнө добуш берүүгө чакырышат

Кыргызстандын коомдук бирикмелери Конституцияга өзгөртүүкиргизүү боюнча референдумду колдошот жана жарандарды референдумдун өтүшүнө добуш берүүгө чакырышат

Бишкек, 9-декабрь /Кабар/. Кыргызстандын “Айкөл-Ала-Тоо”, «Мекен шейиттери» жана «Апрель Байрагы» коомдук бирикмелеринин (КБ) өкүлдөрү Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду колдошот жана жарандарды референдумдун өтүшүнө добуш берүүгө чакырышат.
“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Айкөл-Ала-Тоо” КБнын өкүлү Кубан Шаршенбаев элди туруктуу, күчтүү өлкөнү түзүү үчүн 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго жана референдумга келип добуш берүүлөрүн өтүндү.
“Башмыйзамдагы өзгөртүүлөр мамлекеттин жана ар бир жарандын турмушун жакшыртат. Кыргызстандан демократиялык жол менен өнүгүшүн ким кааласа, ал коом алдында өзүнүн милдетин аткарышы керек”,-деди ал.

Ошондой эле, К.Шаршенбаев эл бийликтин бирден бир башаты экенин белгиледи.
“Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртпөө керек, дегендин өзү башынан туура эмес болгон. Элдин мамлекетти башкаруусуна түздөн-түз катышуусун, атап айтканда референдум өткөрүүсүн эч ким тыя албайт. Эл өз каалоосу менен мыйзамды өзгөртө алат”,-деп айтты К.Шаршенбаев.

Өз кезегинде «Апрель Байрагы» КБнын өкүлү Канат Ирсалиев Конституцияны өзгөртүүдө айрым оппоненттер айтып жатышкандай, президенттин ыйгарым укуктарын узартуу маселеси коюлбагандыгын, конституциялык өзгөртүүлөр туруктуу жана күчтүү Кыргызстанды түзүүгө багытталганын белгиледи.

“Биздин бардыгыбыздын бир гана максатыбыз бар –ал өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо”-деди К.Ирсалиев..

Мындан тышкары, жыйында 2010-жылы апрель окуяларында каза болгон туугандарынын атынан Максат Молдобаев сөз сүйлөдү. Ал Апрель революциясынын баатырлары өлкөнүн туруктууулугу, тынччылыгы үчүн өмүрлөрүн беришкендигин белгиледи.
“Алдыдагы референдумдун маанилүүлүгүн баарыбыз билип турабыз. Андыктан өлкөдө коопсуздукту, туруктуулукту камсыз кылуу үчүн , Апрель баатырлары өз өмүрлөрүнөн бекер ажырабагандыгын дадилдеш үчүн референдумга катышып,”макул” деп добуш берүүңүздөрдү өтүнөбүз”-деп белгиледи ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу