Коом

Май 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
09/12 14:02
 

Коррупциялык кылмыш боюнча Мамсатып алуулар, сот системасы жана укук коргоо органдары алдыңкы орундарда – Нурипа Муканова

Бишкек, 9-декабрь /Кабар/. Коррупциялык кылмыш боюнча Мамсатып алуулар порталы 1-орунду ээлейт. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган “Тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү кызыкчылыгы үчүн коррупцияга каршы күрөшкө биригебиз” аттуу илимий-практикалык жыйын учурунда Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова билдирди.

Ал Мамсатып алуулар сайтынын тегерегинде ычы-чуу көп болуп жаткандыгын, ачык-айкындуулуктун жоктугун белгиледи.
2-орунда жарандардын даттанууларына караганда сот системасы турат. 3-орунду укук коргоо органдары ээлейт.
“Коррупциядан улам мамлекет тарткан чыгым так эмес, айрымдар 1 млрд сом деп айтып жүрүшөт, мен айтаар элем, чындыгында 1 млрд доллардан да ашык.”-деди ал.

Мындан тышкары Н.Муканова коррупция менен күрөшүүдө кылмышкерди түрмөгө олтургузуу жетишсиздик кылаарын белгиледи.
“Камоо менен эле бул көйгөй чечилбейт, анткени коррупция негизинен экономикалык чыгымга алып келет. Камоо – бул күрөш жүрүп жатканын гана билдирерин эл аралык практика айтып турат. Чоң чиновниктерди колго түшүрүш керек, мына ошондо эскертүү болот”-деп айтты Нурипа Муканова.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу