Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/11 09:26
 

ӨКМ: аба ырайынын жогорулашына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт

Бишкек, 30-ноябрь /Кабар/. 2016-жылдын 30-ноябрынан 3-декабрына чейин күтүлүп жаткан абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, натыйжада ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн, муз абалынын татаалдашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2016-жылдын 28-ноябрында КРнын ӨКМнин телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүү жөнөтүлгөн

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу