Коом

Июнь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
29/11 19:00
 

Өкмөт 30-ноябрда Жогорку Кеңешке республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлорун экинчи окууда кароого сунуштайт

Бишкек, 29-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү шаршемби, 30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2015-жылкы республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту бекитүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун экинчи окууда кароого сунуштайт. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жогорку Кеңештин жыйынына Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү катышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу