Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/11 18:04
 

Таалайкүл Исакунова: “ Кыргызстанда жыл сайын 700 наристе балдардын мээсинин жабыркоо диагнозу менен төрөлүүдө”

Бишкек, 29 -ноябрь /Кабар/. Кыргызстанда жыл сайын 700 наристе балдардын мээсинин жабыркоо диагнозу менен төрөлүүдө. Бул тууралуу КР Эмгек жанан социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова майыптардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн “Укуктун бирдейлиги – мүмкүнчүлүктөрдүн бирдейлиги” аттуу республикалык жыйында билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын майып адамдардын көбөйүп жатканы тынчсыздандырат.

“Эмгек жанан социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча 2008-жылы 120 миң майып адам катталган болсо, 2015-жылы алардын саны 173 миң адамга жеткен. Бул бизди тынчсыздандырат. Эмне себептен майыптар көбөйүп жатат? Бул көйгөйдү кантип чечүү керек? Биз өрттү өчүрүүчү болбошубуз керек. Майып адамдардын санын азайтуу үчүн профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү керек”-деди ал.

Мындан тышкары Т.Исакунова майыптар коомдо ар кандай кыйынчылыктарга туштугуп жатканын белгиледи.

“Биз аларга коомдук транспорттордо, имараттарда, ж.б.жайларда бирөөлөрдүн көмөгүсүз жүрө алгыдай шарттарды түзүп беришибиз керек”-деп кошумчалады ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу