Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/11 17:52
 

Чынгыз Айтматовдун “Чоор жана жер” деген чыгармасы табылды

 Чынгыз Айтматовдун “Чоор жана жер” деген чыгармасы табылды

Бишкек, 29-ноябрь /Кабар/. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Чоор жана жер” (“Флейта и земля”) деп аталган, мурда жарык көрө элек чыгармасы табылды. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, бул чыгарма жөнүндө окурмандар бир нече жылдар мурда кабардар болгон эле. Бирок, бул чыгарманын мааниси жана мазмуну жөнүндө кол жазманы алгач академик Абдылдажан Акматалиев окуп чыгып, өз ой-пикирин билдирген. Жакында А.Акматалиев Айтматовдун “Чоор жана жер” (“Флейта и земля”) чыгармасынын үзүндүлөрү Болгариянын “Пламък” (1973-ж.), “Литературный фронт” (1974-ж.) аттуу журналдарында жана болгар тилинде жарык көргөн чыгармалар жыйнагынын 2-томунда 1974–1976-жылдары жарык көргөндүгүн таап чыкты.

Бул таң калыштуу окуя жөнүндө академик, айтматовтаануучу мындай дейт: “Жазуучу өзүнүн макалаларында, маектеринде, же сүйлөгөн сөздөрүндө бул чыгармасы жөнүндө бир да жолу эскерген эмес. Чыгарма орус тилинен болгар тилине которулган. Болгар окурмандары 40 жылдан бери Ч.Айтматовдун бул чыгармасына күбө болуп келет, а бизде али күнгө чейин колубузга жете элек. Анын үстүнө бул факт “Чоор жана жер” чыгармасын Айтматов жазган эмес деген кээ бир ишенбөөчүлөрдүн ойлорун жокко чыгарды. Чыгарма Чоң Чүй каналынын курулушуна байланыштуу окуяларды камтыйт. Мен бул чыгарманын болгар тилинде жарык көргөнүн үч жылдай издеп, акыры Болгариядан таап, алдырттым”.

А.Акматалиев мындан сырткары аталган чыгарманын башкы каарманы Бейше Асакеевдин Улуу Ата мекендик согуш учурунда Сталинградда баатырларча курман болгондугун да тактап чыкты.

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу