Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/11 10:26
 

Кино үйүндө атактуу актриса Жамал Сейдакматовага арналган фильм көрсөтүлөт

 Кино үйүндө атактуу актриса Жамал Сейдакматовага арналган фильм көрсөтүлөт

Бишкек, 29- ноябрь /Кабар/. Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө 1- декабрда саат 16.00дө «Менин атым Ысык-Көл» аттуу документалдуу фильмдин бетачары болот. Бул тууралуу Кинематография департаментинин басма сөз кызматынан билдирди.

«Фильм-портрет КР эл артисткасы Жамал Сейдакматованын чыгармачылыгына арналган. 2016-жылы ал чыгармачылык ишмердигинин 60 жылдыгын белгилеген. Фильм мамлекеттин жардамы менен Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясында режиссер Дальмира Тилепбергенова тарабынан тартылган”-деп айтылат билдирүүдө.

Бул 22 мүнөттүк фильмдин оператору Акжол Бекболотов, тасманын директору Чинара Камчибекова.

Фильм Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 13 дарегинде Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу