Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
24/11 12:38
 

Омбудсмен институтуна түшкөн кайрылуулардын дээрлик жарымы – сот тутумуна нааразычылыктар – Кубат Оторбаев

 Омбудсмен институтуна түшкөн кайрылуулардын дээрлик жарымы – сот тутумуна нааразычылыктар – Кубат Оторбаев

Бишкек, 24-ноябрь /Кабар/. Омбудсмен институтуна келген кайрылуулардын дээрлик жарымы сот тутумуна нааразычылыктар. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында КРнын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев билдирди.

“Көпчүлүк учурда жарандар өздөрүнүн Омбудсмен институтуна кайрылууларында ишти кароодо акыйкаттуулукка анча ишене беришпегендиктен соттук отурумга катышуу үчүн өкүл жөнөтүүнү суранышат”,-деди К.Оторбаев.

Анын айтымында, 2016-жылдын 10 айында Омбудсмен институтуна ушундай 1 миң 420 кайрылуу келип түшкөн, бул жалпы кайрылуулардын 43,9%ын түзөт.

“Мындан тышкары, соттук системага карата нааразычылыктар менен көптөгөн кайрылуулар келет. Милиция кызматкерлеринин аракетине же аракетсиздигине карата 275 киши кайрылган, же бул 8,5%ды түзөт, 47 жарандан кыйноолор тууралуу билдирүү келген. Прокуратура кызматкерлерине катара арыз менен 110 кайрылуу, соттордун аракетине же аракетсиздигине – 72, УКМК кызматкерлерине – 13, ЖАМК кызматкерлерине карата 41 киши кайрылган. Мындан тышкары, соттун чечимине макул болбогон 61 киши, экстрадициялоого жардам берүү тууралуу өтүнүчү менен 21 жаран, балдардын укугун бузуу тууралуу арыз менен 57 жаран, аялдардын укугун бузуу тууралуу билдирүү менен 12 жаран кайрылган”,-деди өлкөнүн башкы укук коргоочусу.

Анын айтымында, жыл башынан бери Омбудсмен институтунун кызматкерлери 1 миң 363 соттук отурумга катышкан. Ошондой эле, кайрылууларды кароонун жүрүшүндө ар түрдүү мамлекеттик органдарга аныкталган мыйзам бузууларды жоюу талабы менен 83 акты жөнөтүлгөн.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу