Коом

Сентябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/11 11:02
 

Балдар хосписинин волонтерлору көчөлөрдү кар жана муздан тазалап жүрүшкөн жумушчуларды ысык чай жана жылуу сөздөрү менен жылытышты

Балдар хосписинин волонтерлору көчөлөрдү кар жана муздан тазалап жүрүшкөн жумушчуларды ысык чай жана жылуу сөздөрү менен жылытышты

Бишкек, 23-ноябрь /Кабар/. Балдар хосписинин волонтерлору (айыккыс ооруга чалдыккан балдарга камкордук көргөн волонтерлор) көчөлөрдү кардан тазалап жүрүшкөн жумушчуларды ысый чай жана жылуу сөздөрү менен жылытышты, дешти Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматынан.

“Бишкектеги калың кар “Тазалык” ишканасынын кызматкерлерине бир топ ишти үйүп койду. Күн сайын таң эртеден тартып 500 короо тазалагыч жана жол-эксплуатациялык бөлүмдүн 40 кызматкери көчөлөрдөгү карды жана тоңгон музду тазалоого чыгышат”-дешти мэриядан.

“Тазалыктын” кызматкерлерине колдоо көрсөтүү үчүн Биринчи Балдар хосписинин волонтерлору бүгүн эрте менен саат 6. 00дө келишип, ысый чай, кафе, печенье жана жылуу сөздөрү менен аларды жылытышты.

“Таң эрте жумушка бара жатканда “Тазалыктын” жумшчуларынын оор иштерин көрүп аяп кетем. Ошондуктан биз аларга аз да болсо колдоо көрсөтүүнү чечтик”-деди Биринчи Балдар хосписинин негиздөөчүсү Дина Аляева.

Бишкек мэриясы шаардыктарды көчөлөрдүн кар басып, муз тоңгон жерлери тууралуу маалыматтарды WhatsApp аркылуу төмөндөгү жооптуу кызматкерлерге билдирип коюларын өтүнөт:

Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;
Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи Май району) — 0558 336 640;
Матмусаев Марат Аманович (Свердлов району) — 0555 447 154.

1 из 9

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу