Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
22/11 12:11
 

Мамэкотехинспекция жыл башынан бери 1,5 миңдей экологиялык коопсуздук талаптары бузулган көрүнүштөрдү ачыктаган

Бишкек, 22 -ноябрь /Кабар/. Экологиялык коопсуздук боюнча аймактык башкармалыктардын инспекторлору тарабынан экологиялык коопсуздукту сактоо жаатында 2 миң 486 текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамэкотехинспекциянын Экологиялык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Максат Өмүров билдирди.

Анын айтымында, экологиялык коопсуздук талаптары бузулган көрүнүштөргө 1 миң 451 доо-кат жазылган.
“Экологиялык жана техникалык талаптары бузулгандыгы үчүн 2 миң 486 текшерүү актысы жана 1 миң 345 протокол толтурулган. Экологиялык коопсуздукту сактабагандыгы үчүн 3 млн 157 миң 400 сомдук 1 миң 239 айып салынган. Анын ичинен 2 млн 642 миң 600 сомдук 1 млн 074 миң айып өндүрүлгөн. Айлана -чөйрөгө зыян келтиргендиги үчүн 9 млн 693 миң 729 сомдук 547 доо коюлган. Анын ичинен 7 млн 67 896 сомдук 465 доо өндүрүлүп алынган”-деди ал.

Мындан тышкары М.Өмүров жаратылышка – атмосферага, сууга, жерге, жаныбарларга, өсүмдүктөргө, балыктарга зыян келтиргендиги жана таштандылар үчүн айып салынып, доо коюлгандыгын билдирди.
Ал ошондой эле укук коргоо органдарына кароого 3 млн 456 миң 978 сомдук 1 миң 187 иш берилгендигин кошумчалады.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу