Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
18/11 09:27
 

ӨКМ: 20-ноябрга чейин кар жаашы күтүлөт

ӨКМ: 20-ноябрга чейин кар жаашы күтүлөт

Бишкек, 18-ноябрь /Кабар/. 2016-жылдын 18-ноябрында күндүзү жана 19-20 ноябрда мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

21-23-ноябрда абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт: түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунда, тоо этектеринде -10…-15° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -5…-10° суук, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо -13…-18° суук, бийик тоолуу райондордо -20…-25° чейин төмөндөшү күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунда, тоо этектеринде -3…-8° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 0…-5° суук, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо -10…-15° чейин төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу