Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 18:41
 

Тажик окумуштуусу Саидмурод Бобомуллоев: “Менде Карахан доорундагы кыргыздар жөнүндө маалыматтар бар”

Тажик окумуштуусу Саидмурод Бобомуллоев: “Менде Карахан доорундагы кыргыздар жөнүндө маалыматтар бар”

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. “Менде Карахан доорундагы кыргыздар жөнүндө маалыматтар бар” деди бүгүн КР Улуттук илимдер академиясында болгон “Жусуп Баласагындын доору: тарыхы, материалдык маданияты, адабияты” аттуу эл аралык жыйында. Бул тууралуу УИАнын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Дүйшөмбү шааарынан келген Тажик илимдер академиясынын окумуштуусу Саидмурод Бобомуллоев кыргыздар жөнүндөгү X-XI кылымдагы араб-перс булактары боюнча кызыктуу маалымат айтты.

“Кыргыздар жөнүндө маалыматтарды окумуштуулар мурда деле изилдеп келген дечи. Бирок, алар изилдеп жаткан учурдун саясатынан чыга алган эмес. Ылайыктуусун гана алып, калганы кала берген. Менде Карахан доорундагы кыргыздар жөнүндө маалыматтар бар, аны бүгүнкү иш чарада сиздер менен бөлүшөм. Азыр мен 4 булакты пайдаландым. Эң байыркысы перс тилинде жазылган “Худул Олам” (Дүйнөлөр чеги). Анда “Хырхыздар өлкөсү” деген бөлүм бар” - деди тажик окумуштуусу.

УИАнын президенти, академик А.Эркебаев Ж.Баласагынга арналган иш-чаралардын эки жылдан бери өтүп келе жатканын, алыстан келген окумуштуулардын катышып жатканына ыраазычылыгын, алар кыргыздар менен тарыхый, географиялык, маданий, диний, тилдик байланышта экендигин айтты.

“Жусуп Баласагындын чыгармачылыгы жөнүндө Советтер маалында саналуу гана адамдар билишчү. Ал убакытта такыр бөлөк геосаясий кырдаал болгон. Бүгүнкү изилдөөдө биз аны бир улутка же бир элге менчиктебешибиз керек. Биз Ж.Баласагындын эмгегин терең изилдеп, дүйнөлүк маданияттын өкүлү катары кадырын көтөрүшүбүз керек”– деди академик.

Ал эми Борбордук Азия изилдөөлөр институтунун башкы директору (МИЦАИ) Пильхо Парк Карахандар доору, Жусуп Баласагындын чыгармачылыгынын кыргыз маданиятына таасири тууралуу пикирин билдирди.

“Тарыхый жактан алганда Борбор Азия Батыш менен Чыгыштын маданий көпүрөсү болуп кызмат кылган. Борбор Азиянын эли бай көчмөн маданиятын түзгөн. Анын өзгөчөлүгү – талаа жана тоо табиятынын айкалышында жаралган маданият. Ошондуктан бул жерде отурукташкан элдердин маданий жана тарыхый мурасы кеңири. Ал эми бул иш-чаранын өтүп жатканы – Баласагындын мурасы бүгүнкү күнү да терең изилдөөгө муктаж экендигинен кабар берет”-деди ал.

Эки күнгө созулган (17-18-ноябрь, 2016-ж.) иш-чарага Борбор Азиянын, Кыргызстандын окумуштуулары катышып жатат.

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу