Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/11 19:21
 

Финансы министрлиги КТРКнын башкы директору И.Карыпбековдун билдирүүсүнө жооп берди

Бишкек, 15-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Басма сөз кызматы Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбековдун «Финансы министрлиги 2016-жылдын республикалык бюджетинин чыгымдарын, тактап айтканда коомдук телерадиоберүү корпорациясынын чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча маселени өз алдынча чечип жатат» деген билдирүүсүнө түшүндүрмө таратты. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Бюджеттин параметрлеринин балансын сактоо, ошондой өле бюджеттин киреше бөлүгүнүн түшпөй калышы боюнча тобокелчиликти эске алуу менен Финансы министрлиги тарабынан «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-августундагы №431 «2016-жылдын мамлекеттик бюджетинин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча иш-чаралар жөнүндө» токтомунун негизинде иштелип чыкты.

Мындан тышкары, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-августунда №350-б буйругуна кол коюлган, анда Финансы министрлигине бюджеттик мекемелердин товарларды, кызматтарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун натыйжасында үнөмдөлгөн каражаттарын мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу максатында топтоо тапшырмасы берилген.

Башкача айтканда, 2016-жылдын республикалык бюджетинин чыгымдарын оптималдаштыруу мыйзам чегинде жүргүзүлүп, КР Өкмөтүнүн тапшырмаларын аткаруу максатында ишке ашырылды. Финансы министрлигинин кызматкерлери мамлекеттик органдардын чыгымдарын, айрыкча мамлекеттик телерадиокомпаниялардын чыгымдарын кыскартуу боюнча эч кандай өз алдынча чечим чыгарган эмес. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү – макулдашуу процедурасынын негизинде тиешелүү чечимдерди кабыл алган коллегиалдык орган. Азыркы кезде 2016-жылдын республикалык бюджетинин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча 2016-жылдын 30-сентябрында №517 токтом кабыл алынган жана аталган документ КР Жогорку Кенешинин кароосуна жиберилген.

Бул маселе боюнча башкы директор Илим Карыпбеков КР аймагында санариптик берүүгө өтүү программаларын ишке ашыруу маселесин жетектеген Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментине кайрылса туура болмок.

Ал эми «министр кабыл албай койду» деген маалымат боюнча, КР Финансы министрлигинин басма сөз кызматы төмөнкүнү билдирет:
Чындыгында КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков 3-4 жолу министрдин кабылдамасына телефон чалган, бирок 3 ай бою эмес. 2016-жылдын 11-октябрында башкы директор Илим Карыпбековдун кабылдамасынан жолугушуунун күнүн белгилөө боюнча телефон чалуу болгон. Финансы министри Адылбек Касымалиев тарабынан дагы жолугушуу боюнча демилге көтөрүлүп, бирок тилекке каршы кабыл алуу убактысында Илим Карыпбеков жолугушуу өткөрүп жаткандыгына байланыштуу келе албагандыгы айтылган. Министрдин тыгыз графигине жана акыркы убакта 2016-2017-жылдагы республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоого байланыштуу жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн жок, деп билдиришет финансы министринин кабылдамасынан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу