Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 17:31
 

Айылдардагы аялуу катмардагы жарандарга кам көрүлүүдө

 Айылдардагы аялуу катмардагы жарандарга кам көрүлүүдө

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. Швейцария өкмөтүнүн эл аралык кызматташуу жаатындагы Хельветас Свисс Интеркооперейш уюму “Айыл жеринде экологиялык таза курулушту жайылтуу(G-STAR)” – долбоорунун алкагында быйыл жай айларынан бери Чүй облусунун аймагындагы аялуу катмардагы 10го жакын үй-бүлөнүн үйлөрүн кышка карата жылуулап, акысыз оңдоп берди. Бул тууралуу Хельветас Свисс Интеркооперейш уюмунан билдирди.

Маалыматка караганда, бул аялуу катмардагы жарандарга ата-энеси жок жетим балдар, 1,2-3-топтогу майыптар, кары картаңдар жана көп балалуу, киреше булагы тартыш, турмуш шарты начар жашаган адамдар кирет. Жардам алгандардын бири- Чүй районунун Кегети айылынын 61 жаштагы тургуну Анипа Досалиева. Анипа апа жакында эле ашказанынан операцияны баштан кечирген. Оорукчан болгондуктан айына 2300 сом гана пенсия алып, ошол каражатка жан багат. Картайганда тез кыймылдоого дагы оор болуп калган. Ал эми жашаган үйү күн сууктаган сайын жылыбагандыктан кышка даяр болбогон. Анипа апанын көмүр ала турган акчасы да, тыштан жардам бере турган кошумча киреше булагы да жок болчу. Ал Хельветас Свисс Интеркооперейш уюму жүргүзүп жаткан социалдык жактан коргой турган долбоорго илинип, үйү толугу менен кышкысын жылуулукту жакшы кармагандай болуп жылууланды. Үйдүн дубалдары тышынан камыш плиталары менен капталып, анын үстүнөн зым тор тартылды.Андан кийин толук шыбалды. Камыштар жыш тизилип кабатталган – камыш плитасы суукту киргизбей, жылуулукту тышка чыгарбаган өзгөчөлүгү менен курулуш адистеринин арасында жакшы белгилүү. Мындай ыкма менен үйдү жылуулаган биринчиден пайдалуу, экинчиден арзан түшөт дешет адистер.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу