Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 17:27
 

ЖК спикери – токтоо адам, ал өзүнө жүктөлгөн милдетти алып кете алат – Жыпар Жекшеев

 ЖК спикери – токтоо адам, ал өзүнө жүктөлгөн милдетти алып кете алат – Жыпар Жекшеев

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков – сөз көтөрүмдүү адам, ал өзүнө жүктөлгөн милдеттерди алып кете алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине коомдук ишмер Жыпар Жекшеев парламенттеги айрым депутаттардын төрага регламентти бузуп жатат деген айыптоолоруна комментарий берип жатып билдирди.

“Чыныбай Турсунбековду биз барыбыз жакшы билебиз. Ал сөз көтөрүмдүү жана токтоо адам. Анын кызуу кандуулукка алдырып, башкалар менен урушканын көргөн эмесмин. Депутаттын аракети кечиргис, анткени аны эл шайлаган, алар мамлекеттик масштабдагы маселелерди чечишсе жакшы болмок”,- деди ал.

Ошондой эле, Ж.Жекшеев Жогорку Кеңеште интригалар болуп турарын белгиледи.
“Спикер барына даяр болушу керек, эң башкысы булардын барын координациялашы зарыл. Мен Чыныбай Турсунбеков ага жүктөлгөн милдеттерди алып кете алат деп эсептейм”,-деди коомдук ишмер.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу