Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 17:00
 

Бишкекте Жусуп Баласагынга арналган эл аралык жыйын өтүүдө

 Бишкекте Жусуп Баласагынга арналган эл аралык жыйын өтүүдө

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. КР Улуттук илимдер академиясында “Жусуп Баласагындын доору: тарыхы, материалдык маданияты, адабияты” аттуу эл аралык жыйын өтүүдө. Ага Борбор Азиянын, Кыргызстандын окумуштуулары катышууда. Бул тууралуу КР УИАнын малыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Эки күнгө созулган (17-18-ноябрь) бул иш-чарада бир нече илимий докладдар окулуп, КР УИАнын Кол жазмалар фондуна, Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун археологиялык музейине, Орто кылымдардагы Чүй өрөөнүндөгү шаарлар жайгашкан жерлерге – Буранага, Ак-Бешимге, Кызыл-Сууга (Красная Речка) экскурсиялар уюштурулат.

Өтүп жаткан эл аралык конференцияда Жусуп Баласагындын доорунун (X-XII к.) саясий, экономикалык жана этникалык тарыхы, жазма, көркөм өнөр жана археологиялык булактар боюнча Карахандар доорунун материалдык маданияты, архитектурасы жана шаар куруусу, Жусуп Баласагындын «Куттуу Билим» поэмасынын жана ошол доордун башка адабий мурастарынын философиялык, лингвисттик, адабий жана булак таануучулук өзгөчөлүктөрү, кыргыздар жөнүндөгү X-XI кылымдагы араб-перс булактары, кыргыз жазуусу, XI кылымдагы Чыгыш Карахандар тарыхындагы нумизматикалык маалыматтар, Карахандар каганатындагы калктын этникалык башаты, Карахандар каганатындагы ислам жана этникалык байланыштар каралат. Жусуп Баласагындын «Куттуу Билим» поэмасынын жазылган тили, кыргыз ойчулдарынын калыптануусунда орду, андагы чындык, өмүр жана өлүм маселеси, жаратылыштын көркөм сүрөттөлүшү, поэмадагы араб тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр, андагы мамлекеттик кызматкер жөнүндө ой толгоо жана башка кызыктуу докладдар окулат. Ошондой эле Кыргызстандагы, Борбор Азиядагы Карахандар доорундагы маданий эстеликтерди изилдөө маселелери талкууланат.

Эл аралык жыйынды КРнын Улуттук илимдер академиясынын тарых жана маданий мурас институту, Тил жана адабият институту, Эл аралык Борбордук Азиялык изилдөөлөр институту(МИЦАИ / IICAS, Самаркан ш.), Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин тарых жана чөлкөм таануу факультети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду биргелешип уюштурууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу