Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 15:31
 

КРнын ЕАЭБге кирүүсүнүн алкагында мамсатып алуулар тууралуу мыйзамга 40 өзгөртүү киргизилет

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнө байланыштуу “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” мыйзамга 40 толуктоо киргизилет. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин мамлекеттик сатып алуулар метологиясы бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Шайбылдаев билдирди.

“Биздин долбоор Юстиция министрлигинде экспертизада турат. Документти алгандан кийин андан ары макулдашуу үчүн Өкмөттүн аппаратына жөнөтөбүз. Жалпысынан 40 өзгөртүү киргизилет. Бизге жеткирүүчүлөрдөн, коомдук бирикмелерден, сатып алуучу уюмдардан жана депутаттардан 100 дөй сунуш келип түшкөн. Биз коомдук угуу өткөрүп, практикалык салыштыруулардын эсеби менен документ иштеп чыктык”,-деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле, Айбек Шайбылдаев өзгөртүүлөр негизинен коллизия жана кемчиликтерди жоюуга тиешелүү экенин билдирди. “Мындан тышкары, жалпы талаптарга ылайыкташтыруу жүргүзүлүүдө. Толуктоо жана редакциялоо мүнөзүндөгү өзгөртүүлөр бар. ЕАЭБдин алкагында улуттук режим, демпинг жана антидемпинг жана башкалар киргизилүүдө”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу