Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 14:57
 

Жыл башынан бери мамсатып алуу порталындагы жарнамалардын жарымысы аткарылган эмес, же артка кайтарылган – У.Даникеев

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. 2016-жылдын 10 ай аралыгында мамлекеттик сатып алуулардын порталында бардыгы 55 миң 630 жарнама жарыяланган, алардын ичинен
27 миң 560ы аткарылган эмес же артка кайтарылган. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев билдирди.

Анын айтымында, көптөр каржы жагын тактап албай туруп эле тендер тууралуу жарнама беришет.

“Ошондой эле техникалык жана квалификациялык жагын каттоодо жана түзүүдө көп көйгөй жаралат. Мындан тышкары жыл башынан бери 20 кылмыш иши козголду. Бизге Башкы прокуратурадан, Финполдон, МУККдан жана ИИМден тендер өткөрүү боюнча бүтүм туралуу сурап көп кайрылышат. Биз каттоонун тууралыгын, сынактын жүрүшүнүн процессин гана жөнгө саларыбызды белгилеп кетким келет. Ички иштерге Департамент кийлигишпейт. Ал сатып алуучу тарап менен тендердик комиссиянын иши. Демек, кылмыш ишин козгоордо кайсы жерден мыйзам бузулганын, процесстеби же түдөн-түз уурдоо болгонбу, кызматынан кыянат пайдаланганбы , жасалма документтер жасалганбы, пайдасыз келишим түзүлгөнбү, ушунун баарын такташ керек”,-деп айтты У. Даникеев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу