Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 14:24
 

Бишкекте чет өлкөлүктөрдү каттоо үчүн 5 бөлүм, өлкө боюнча 57 бөлүм иштейт – МКК

 Бишкекте чет өлкөлүктөрдү каттоо үчүн 5 бөлүм, өлкө боюнча 57 бөлүм иштейт – МКК

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. Бишкекте чет өлкөлүктөр каттоодон өтүүчү 5 бөлүм иштейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Камчыбек Акишев билдирди.
Анын айтымында, өлкө боюнча ушундай 57 бөлүм иштейт.

“Биз Бишкектеги жана өлкөнүн аймактарындагы паспорт столдорго бирден кызматкер бөлүп бердик. Каттоо жүргүзгөн кызматкердин чет тилдерин билүүсү азырынча ачык бойдон калууда. Мындан тышкары, биз туристтерди аларга ыңгайлуу болуусу үчүн отелдерде каттоо мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Чет өлкөлүктөрдүн учетко туруусу каттоосуз жүрүүгө уруксат берилген убакыттын акыркы күнүнөн кечикпеши керек. Ар бир өлкөдө өзүнүн мөөнөтү бар. Мисалы, япониялыктар 59 күндүн ичинде каттоого туруусу керек, бул эң акыркы мөөнөт”,-деди ал.

Ошондой эле, К.Акишев жеңилдикке ээ болуучу өлкөлөрдүн тизмесин атоо азырынча эрте, анткени документ иштелип жатат деп кошумчалады. “Учетко туруу үчүн документтердин тизмеси дагы ошондой”,-деди МККнын төрагасынын орун басары.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу