Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 13:55
 

Кыргызстанда КРге келген чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү карттарынын механизми киргизилүүдө

Кыргызстанда КРге келген чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү карттарынын механизми киргизилүүдө

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. Кыргызстанда КРге келген чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү карттарынын механизми киргизилүүдө. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Юстиция министринин орун басары Махамаджан Иманов билдирди.

Анын айтымында, учурда КР аймагына кирүү 2 документ менен – чет өлкө паспорту жана ID-карты менен ишке ашырылууда.

“Кирүү карттары миграциялык карттарга окшош болот, алар Кыргызстанга кирүүдө толтурулат. Бул документ жарандын келген убагын көзөмөлдөп туруу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына берилет. Тартиптүү жарандар менен бирге эле мыйзамды бузгандар да кездешет. Андыктан бул маселени жөнгө салууну, тартипти бузгандарды жоопкерчиликке тартууну карадык. Кирүү убактылары боюнча администраторлор Мамлекеттик чек ара кызматына сунушталды”,-деди ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу