Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 13:53
 

Премьер-министр: 2016-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүштүн оң тенденциясы орун алды

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. «2016-жылдын 10 айынын жыйынтыгынын негизги натыйжасы катары экономикалык өсүштүн оң тенденциясы болду, бул 2016-жылдын август айынын башына чейин терс тенденцияны гана берип келе жаткан эле», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”мыйзам долбоорун тааныштырууда.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Өкмөттүн “Ишеним жана биримдик” программасына ылайык, дүйнөдөгү жана ЕАЭС мейкиндигиндеги экономикалык өсүштүн темпинин басаңдоо мезгилиндеги негизги милдет социалдык-экономикалык жагдайды турукташтыруу жана экономикалык өсүшкө дем берүү болуп саналат.

«Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ички дүң продукциянын көлөмүнүн жалпы суммасы 359,9 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүш 102,7% болду, ал эми “Кумтөр” кенин кошпогондогу реалдуу өсүш 103,3%ды түздү»,- деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр кошумчалагандай, республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 96,8 млрд сомду түздү, же 98,2% болду. Салыктык кирешелердин жалпы көлөмү 65,2 млрд сомду, же пландын 95,3%ын түздү. Салыктык эмес түшүүлөр 19,2 млрд сомду түздү, же пландын 104,3 %ын түздү. Республикалык бюджеттин аткарылышынын чыгашалар бөлүгү 103,9 млрд сомго аткарылды, же 96,5%ды түздү. 2016-жылдын 10 айынын ичинде республикалык бюджеттин чыгашалары корголгон беренелер боюнча 67 млрд сомго каржыланган (же 97,6%ды түздү). 2016-жылдагы Республикалык бюджетке киргизилип жаткан тактоолор татаал экономикалык абалды чагылдырат. Жана ал негизги көрсөткүчтөрдүн болжолу өзгөргөн шартта бюджеттин балансын сактоо милдетин чечет.

«Дүйнөдөгү жана аймактардагы экономикалык каатчылыкты, экспорт менен импорттун көлөмүнүн азайышын, ошондой эле инвестициялык активдүүлүктүн азайышын эске алуу менен, биз баштапкы болжолду 5,2%дан 2,7 %га түшүрүүгө аргасыз болдук», – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы Жогорку Кеңештин комитетинин кеңейтилген жыйынындагы, ошондой эле Эсептөө палатасынын сунуштарын эске алганда, бюджеттин параметрлерин меен тааныштырды. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 124,8 млрд сом суммасында болжолдонууда, бул бекитилген бюджеттен 448 млн сомго көп (124,3 млрд. сом), бюджеттин чыгашалар бөлүгү 146,8 млрд сомду түздү, бул бекитилгенден 18,3 млн сомго жогору.

Аны менен бирге Ички дүң продукциянын темпинин басаңдашынын натыйжасында өткөн айларда республикалык бюджеттин кирешелер бөлүгүн аткарууга өзүнүн таасирин тийгизди.

«2015-2016-жылдары сатуудан алынуучу салыктан бошотуу жана салыктык жеңилдетүүлөрдүн киргизилиши сыяктуу чаралардын кабыл алынышынан, биз Мамлекеттик салык кызматы багыты боюнча салыктык келип түшүүлөрдүн планын 4,5 млрд сомго кыскартуудабыз. Бюджеттин толбой калышын жоюу максатында Өкмөт тарабынан жалпы суммасы 19 млрд сомго жакын кошумча булактарды табууга багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул үстүбүздөгү жылдын башынан бери карай Өкмөткө жогорку артыкчылыктагы чыгашалар боюнча республикалык бюджеттин кошумча чыгымдарын ишке ашырууга мүмкүндүк берди», – деп маалымдады Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу