Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 12:52
 

Мамсатып алуу жаатындагы коррупция техникалык жана квалификациялык талаптарды иштеп чыгууда жоопкерчиликсиздиктин болууда – У.Даникеев

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы эң чоң коррупция сатып алуучулар тарабынан техникалык жана квалификациялык талаптарды иштеп чыгууда жоопкерчиликсиздиктин айынан пайда болууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев билдирди.

Ал бир мисал келтирди, кечээ эле ири ишкана аудитордук кызмат сатып алуу тууралуу жарыялады, бирок У.Даникеевдин айтымында, алардын талаптары түшүнүксүз болгон.

“Чындыгында Мамлекеттик сатып алууда коррупция техникалык жана квалификациялык талаптарды иштеп чыгуудагы жоопкерчиликсиздиктен келип чыгат. Эгер унаа, жабдык же кызмат сатып алуу керек болсо, аларды так баяндоо керек. Жогорку Кеңеште жолдор сапатсыз курулуп жатат деген сындар айтылууда, ал жерде көйгөй ошол талапта”,-деди ал.

Мындан тышкары, У.Даникеев коррупциянын алдын алуунун экинчи жагы сатып алуучу тарап жеткирүүчүлөр менен алдын ала келишим түзүп, өздөрүнүн талаптарын айтып алышса боло тургандыгын белгиледи.

“Башкача айтканда, эгер скрепка сатып алуу кере болсо, анда жеткирүүчү анын кандайдыр бир өзгөчөлүгү болобу, алардын талаптарын жазып берсеңиз деп айтышат. Мыйзам боюнча даярдаган өлкөнү же товардын маркасын жазуу сыяктуу эле мындайга тыюу салынган. Эң татаалы талапты ачууга 3 күн калганда гана алмаштырууга мүмкүн экендигинде. Көпчүлүк катышуучулар бизге тендерден кийин бузуулар болгондугун айтып кайрылышат. Бирок, биз алардан эгер алар мурда эле билген болсо, эмне үчүн өз убагында айткан жкосуңар деп сурайбыз”,-деди У.Даникеев.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу