Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 12:09
 

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 352,2 миң адам жөлөк пул алат – Социалдык өнүгүү министрлиги

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. Бүгүнкү күндө мамлекеттик жөлөк пул алгандардын саны 352,2 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ай сайын балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөдөн – 271,5 миң адам, ошондой эле, ай сайын 83,1 миң адам ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул алат.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын алуучу жөлөк пулунун орточо көлөмү 872,4 сом, ал эми социалдык жөлөк пул 2406,7 сомду түзөт.
Ошондой эле, министрлик үстүбүздөгү жылы 10 айда мамлекеттик жөлөк пулду төлөөгө мамлекеттик бюджеттен 4431,1 млн сом бөлүнгөнүн билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу