Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 11:48
 

Бакыт Бакетаев: “Парламент спикери тарабынан ЖКда регламент сакталышы үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат”

Бакыт Бакетаев: “Парламент спикери тарабынан ЖКда регламент сакталышы үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат”

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. Парламент спикери Чыныбай Турсунбеков тарабынан ЖКда регламент сакталышы үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясат таануучу Бакыт Бакетаев билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-ноябрда ЖК жыйынында айрым депутаттар спикерди регламентти бузуп жатат деп күнөөлөшкөн.

Бакыт Бакетаевдин айтымында, чындыгында Чыныбай Турсунбеков акыйкат адам катары белгилүү.
“Аны мен акыйкат адам катары билем. Спикер болгондон бери да байкап жүрөм. Дайыма акыйкат болуу аракетин көрүп жүрөт. Ал эми ЖКдагы окуяга келсек, Ч.Турсунбековду көнөөлөгөн депутат андан кичүү, улууну урматтоо деген болуш керек да”,-деди ал.

Саясат таануучу ошондой эле, ЖК төрагасы баарын жайгаруу аракетин көрүп жатканын белгиледи.
“Кимдир бирөөлөр анын ордун ээлегиси келиши да мүмкүн. Мында Ч.Турсунбеков бардыгына даяр болушу керек, провокацияга да. Бир эле кокустук аны ордунан алып түшүшү мүмкүн”,-деп кошумчалады ал.

Муну менен катар Бакыт Бакетаев парламенттин 6-чакырылышы көңүлүнө толгонун айтты.

“Оппозиция менен дебаттар да болуп жатат. Бирок, бир да мушташуу болгон жок. 5-чакырылышта айрым аксакалдарды эске албаганда, дегеле бардык депутаттар бири-бири менен мушташып чыгышты. Ал эми учурда интеллектуалдуу чабуул болуп жатат”,-деп белгиледи. Б.Бакетаев.

Депутат Мирлан Жээнчороев («Республика-Ата Журт») да “Кабар” агнетигине спикер тарабынан регламентти бузуу болбогондугун билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу