Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 11:28
 

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынын алкагында өткөн салтанаттуу аземде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөндөгү жаңы мүчөлөрү ант беришти:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жээнбеков Сооронбай Шарипович;
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Абулгазиев Мухамметкалый Дүйшөкеевич;
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Панкратов Олег Михайлович;
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Султанбекова Чолпон Аалыевна;
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Разаков Жеңиш Парпиевич;
- Өкмөт Аппаратынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри Осмоналиев Акылбек Шарипович;
- Кыргыз Республикасынын экономика министри Кожошев Арзыбек Орозбекович;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри Касымалиев Адылбек Алешович;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри Ахметов Уран Түлөндиевич;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Абдылдаев Эрлан Бекешович;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Исраилов Улан Жумабекович;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Боронов Кубатбек Айылчиевич;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Батыралиев Талантбек Абдуллаевич;
- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Казаков Түгөлбай Токтогулович;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Кудайбердиева Гүлмира Каримовна;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Исакунова Таалайкүл Базаркуловна;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Cегизбаев Абдил Кеңешевич;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Шаршенбиев Бакыт Нуржанович.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу