Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 11:04
 

Перизат Расулбек кызы Вашингтондо өтө турган “Дүйнө мисси – 2016” конкурсунда Кыргызстандын атынан чыгат

Перизат Расулбек кызы Вашингтондо өтө турган “Дүйнө мисси – 2016” конкурсунда Кыргызстандын атынан чыгат

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. Перизат Расулбек кызы 26-ноябрдан 18-декабрга чейин Вашингтон (АКШ) шаарында өтө турган “Дүйнө мисси – 2016” эл аралык сулуулар конкурсунда акыры Кыргызстандын атынан чыга турган болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Модель долбоору компаниясынын директору Таттыбубу Самидин кызы билдирди.

Белгилей кетсек, мындан мурда Америка элчилигинде себебин айтпастан Перизат Расулбек кызына виза берүүдөн баш тартышканынан улам анын “Дүйнө мисси – 2016” эл аралык сулуулар конкурсуна катышпай калуусу күтүлгөн.

Т.Самидин кызынын айтымында, 17-ноябрда алар виза алууга кайрадан документерин тапшырышып оң жооп алышкан.

“Биз кол куушуруп олтуруп калгыбыз келбеди, анткени Перизат фотосесиясын даярдаган, команда менен биргеликте саламдашуу презентациясын тарттырган, ал конкурстун расмий сайтына чыккан. Эми Перизат эл аралык конкурста өлкөбүздү татыктуу көрсөтөт деп ишенебиз”,-деди Таттыбубу Самидин кызы.

Эскерте кетсек, 18 жаштагы П.Расулбек кызы ”Кыргызстандын мисси-2016” жергиликтүү турнирде жеңүүчү болгон соң “Дүйнө мисси – 2016” эл аралык сулуулар конкурсуна катышууга укук алган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу