Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/11 18:59
 

Кайрат Осмоналиев: “Шайлоочулардын добушун сатып алуу тууралуу беренени ачык бөлүмгө которуу керек”

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. КРнын кылмыш кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу тууралуу” 140-беренесин ачык бөлүмгө которуу керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев билдирди.

Эскерте кетсек, парламент депутаттары “Шайлоо процесси маселеси боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” шайлоолор тууралуу мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелешүүдө, ага ылайык, добуш сатып алгандарга карата жаза күчөтүлөт. Мындан тышкары, “Шайлоочулардын добушун сатып алуу тууралуу” 140-берене жеке категориядан жеке-ачык категория которулат.

Кайрат Осмоналиевдин айтымында, БШК бул беренени өзгөртүү тууралуу бир нече ирет айткан. “Анткени, аталган пункт алдын алуу ролун аткарган жок. Азыркы жазалар жетишсиз. 140-беренени “жеке” категорияга өткөрүү кезектеги методологиялык катачылык экенин констатациялоо керек. Анткени, жеке – бул адам жана адамдын иши. Ал эми шайлоочулардын добушун сатып алуу – бул ачык кылмыш. Шайлоочулардын добушун сатып алуу бүтүндөй коомчулуктун кызыкчылыгына шек келтирүү. Мен бул беренени жеке-ачык гана эмес, ачык категорияга которуу керек деп айтат элем”,-деди ал.
Кайрат Осмоналиев жеке иш жарандын арызы менен гана караларын түшүндүрдү.

“Эгер арыз берүүчү өзүнүн арызын алып койсо, анда укук коргоо органдары пара берүү элдин көзүнчө болсо дагы тергөөнү токтотууга милдеттүү. Жеке-ачык дагы арыз боюнча, бирок иликтөөнүн жүрүшүндө эгер арыздануучу өзүнүн арызын алып койсо дагы тергөө жеке чечимин кабыл алууга укуктуу. Ачык иш чөйрөсүндө арыздануучу жок болсо дагы мыйзам бузуу фактысы боюнча иш козголот”,-деп белгиледи юрист.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу