Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/11 18:26
 

Кыргызстанда 17-ноябрдан 17-декабрга чейин жарандар акысыз юридикалык консультация алышат

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. 2016-жылдын 17-ноябрынан 17-декабрына чейин КР Юстиция министрлиги өлкөнүн бардык аймактарында акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча декада өткөрөт, деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматынан.

Декаданын алкагында бир ай боюу КР жарандары, чет өлкө жарандары, жарандыгы жоктор, качкындар акысыз консультациялык- укуктук жардам ала алышат. Жардам көрсөтө турган укуктук уюмдардын даректерин http://kartauslug.minjust.gov.kg шилтемеси аркылуу табууга болот.

Декаданын максаты – калктын аялуу катмарынын укуктук жактан корголуу деңгээлин көтөрүү жана аларга юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук билимин арттыруу, укугун коргоого көмөктөшүү, жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыгын, эркиндигин ишке ашырууга жардам берүү болуп эсептелет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу