Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/11 18:01
 

МККнын башчысы шайлоодо калориферлер эмне үчүн керектигин айтып берди

 МККнын башчысы шайлоодо калориферлер эмне үчүн керектигин айтып берди

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев ар бир шайлоо участкасында калорифер жана жылыткычтар керек болору тууралуу билдирди. Ал Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча штабдын жыйынында билдиргендей, көпчүлүк калориферди жылыткычтар менен алмаштырып алышат.

“11-декабрда аба ырайы минус болот. Адамдын манжалары муздак болсо, аппарат эсептебейт. Калорифер – кичинекей жабдык, ал колду гана жылытат. Ал чач кургаткычка окшош, андан жылуу аба чыгып, колду жылытат. Андан тышкары, мекеменин ичин жылытуу үчүн жылыткычтар керек болот”,-деди ал.

Ошондой эле, Т.Сарпашев бүгүнкү күндө Өкмөт каражат бөлүү боюнча токтомго кол кое электигин билдирди.

“Бул транспорт жана башкалар менен байланыштуу. Экинчи маселе – аймактар. Айрым акимдер шайлоо жана референдум өткөрүүгө участкаларды даярдоону жакшы жүргүзүп жатышат. Бирок, мисалы Ысык-Көл районунда аким участокторго бара элек экен. Биз дагы 10 күн көзөмөлдөйбүз, эгер айыл өкмөт башчылары жакшы иштебесе, анда биз аларды кызматтан алуу тууралуу маселени көтөрөбүз”,-деди Т.Сарпашев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу