Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/11 17:34
 

Бишкекте Чүй облусунун 90 жылдыгына арналган “Сары-Өзөн чолпондору” фестиваль- конкурсунун гала-концерти болот

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. 17-ноябрда саат 14:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет таетрында Чүй облусунун 90 жылдыгына арналган “Сары-Өзөн чолпондору” фестиваль конкурсунун гала-концерти болот. Бул тууралуу Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

“Чүй облустук мамадминистрациянын демилгеси менен Чүйдө 11 жылдан бери “Сары-Өзөн чолпондору фестиваль-конкурсу өткөрүлүүдө”,-деп белгиледи басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, быйыл фестиалга 10 миңден ашык 4 жаштан 18 жашка чейинки балдар-кыздар катышты. Фестиваль облустун бардык райондорунда жана Токмок шаарында болуп өттү.

Фестиваль-конкурстун негизги максаты – балдардын чыгармачылык жана интеллектуалдык потенциалын ачуу, патриоттуулукка тарбиялоо, улуттар аралык мамилени бекемдөө, Кыргызстан элдеринин адат-салттарына сый мамиле кылууга жаштарды тарбиялоо болуп саналат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу