Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/11 17:03
 

БШК башчысы өзгөчө категориядагы жарандарды шайлоого даярдоону профилдик ведомстволордон өтүндү

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. БШК башчысы Нуржан Шайылдабекова Саламаттыкты сактоо менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен соцобъекттердеги жарандардын добуштарын камсыз кылуу боюнча маселени күн мурунтан кароону өтүндү.

Бул тууралуу ал жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүү жана референдум боюнча Штабдын жыйынында эскертти.

Н. Шайылдабекованын айтымында, добуш берүү укугуна ээ болгон өзгөчө категориядагы жарандар бар.

“Алар – убактылуу тергөө абагында жаткандар жана соцмекемедегилер. Алардын маселелерин күн мурдатан кароо керек. Эгерде өз убагында чара көрүлбөсө, алар кайра дагы шайлоого катышпай калышат. Мисалы, алардын паспорттору барбы, тизмеге киришкенби, биометрикалык малыматтарын тапшыруу зарылчылыгы барбы, мүмкүн алрды топ-тобу менен Мамкаттоо кызматына чакыруу керектир деген маселелер. Бардык министрликтерге шайлоого даярдык боюнча зарыл иштер тууралуу маалымдадык”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу