Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/11 16:38
 

Катарда Доха – Бишкек түз аба каттамын ачуу пландалууда

 Катарда Доха – Бишкек түз аба каттамын ачуу пландалууда

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. 2016-жылы 14-ноябрда Доха шаарында Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Н.Ниязалиев “Катар Эйрвейз” катар авиакомпаниянын башчысы Акбар Аль-Бакер менен жолукту. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Н.Ниязалиев КРнын Катар мамлекети менен болгон кызматташтыгынын абалы жана келечеги тууралуу маалымат берди. Бишкек жана Доха шаарларынын ортосундагы түз аба каттамын ачуу артыкчылыктуу багыттар боюнча кыргыз-катар мамилелеринин тереңдешин шарттай турганы өзгөчө белгиленди. Ушуга байланыштуу ал “Катар Эйрвейздин” Доха – Бишкек каттамы боюнча түз аба каттамын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Акбар Аль-Бакер аба ташууларын кеңейтүү жана авиапарктарды көбөйтүү боюнча пландары тууралуу маалымат берип, анын алкагында Бишкек “Катар Эйрвейздин” багыттарынын бири боло турганын белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу