Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/11 16:22
 

Тегизчил айылындагы кризистик борбор омбудсмен институтунун маалыматын жокко чыгарды

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Тегизчил айылындагы “Кыялга карай жол” кризистик борбору омбудсмен институтунун маалыматын жокко чыгарды.

Кризистик борбордук директору Д.Мамытовдун төгүндөөсүндө жазылгандай, мекемени оңдоо иштери үстүбүздөгү жылы жасалган. Ошондой эле, тамак-аш азыктары сатылып алынган.

“2016-жылы 31-октябрда телеберүүдөн мониторинг тобу келген учурда электр энергиясы айыл боюнча өчүп, мекеменин ичи суук болчу, ал эми эшикте ойноп жүрүп, жаңы эле келген балдар борбордо эле. Топтун бир мүчөсү баланы жакасынан кармап келип, полго отургузуп, балдар жаман шартта жашап жатышат жана төшөгү жок полдо отурушат деген тейде аны телеберүүгө тартып алган. Ошондой эле, ал муздаткычтан тоңдургучтан алынган эттин (кайнаткандан артып калган, калганы тоңдургучта салынуу болчу) кичинекей тилимин ала калган. Ушуга байланыштуу биз маалыматты жокко чыгарып жатабыз. Мекеменин сол тарабында биздин борборго эч кандай тиешеси жок мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоо боюнча “Бар бол” коомдук фонду уюму турат, мониторинг тобу балдарды ошол жактан тартып алган”,-деп айтылат төгүндөөдө.

Эскерте кетсек, мындан мурда Ысык-Көл облусундагы балдар үйлөрүнүн ишмердүүлүгү Омбудсмен институту тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин кризистик борбордо жылуулук жок, тамак жетишсиз көлөмдө берилгендиги жана медикаменттердин жок экендиги айтылган.

“Борбордун тарбиячысы бөлүнгөн каражат жетишпейт, мекеменин ичи суук, ушуга байланыштуу балдар ооруп калышарын, имараттын өзү авариялык абалда, эшиктери жабылбай тургандыгы белгилеген”,-деп айтылат омбудсмендин басма сөз кызматынын маалыматында.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу