Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/11 14:27
 

Бишкекте Орозбеков көчөсүнүн бөлүгү оңдоодон кийин ачылды

 Бишкекте Орозбеков көчөсүнүн бөлүгү оңдоодон кийин ачылды

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. Бишкекте Орозбеков көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасына шилтеме берүү менен билдирди.

Аталган тилкеде жол катмарын төшөө боюнча иштер жүргүзүлдү, оңдолгон бөлүктүн узундугу 250 метр, туурасы 9 метрди түзөт. Ушул аймакта ведомстволор көп болгондуктан унаа токтотууга чыгыш тарабынан 5 метрден, батыш тарабынан 4,5 метр жер каралды.

Ошондой эле, тротуарларды жана ирригация тутумун жакшыртуу боюнча иштер аткарылды деп билдирди мэриядан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу