Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/11 12:40
 

Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү тармагындагынан кабар алды

Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү тармагындагынан кабар алды

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-ноябрда өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына мекеменин мектеп билим берүүсүнүн сапатын арттыруу боюнча иш-чаралар комплексин мындан ары ишке ашыруу пландары тууралу маалымат берилди. Бул чаралар мугалимдин эмгегин баалоону, мектептерди профилдештирүүнү жана жаңы муундагы предметтик стандарттарды киргизүүнү максат кылат.

Гүлмира Кудайбердиева өлкө Президентине жогорку билим берүү системасында реформаларды жүргүзүү, жогорку окуу жайлар түйүндөрүн этап-этабы менен заман талабына ылайыктоо жана алардын уюштуруу-башкаруу түзүмүн өркүндөтүү боюнча алдыдагы иш багыттары тууралу айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү чөйрөсүндөгү реформалар билим берүү сапатын арттырууга, коррупцияны жоюуга жана мамлекет берген каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталыш зарылдыгын белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу