Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/11 10:55
 

№33 мектеп-гимназиянын спорт залы өрттөн кийин калыбына келтирилди

 №33 мектеп-гимназиянын спорт залы өрттөн кийин калыбына келтирилди

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. №33 мектеп-гимназиянын спорт залынынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Спорттук залдын имараты 2013-жылдагы өрттөн кийин толук калыбына келтирилди. Залдын чатыры, кабинеттер жана актовый залы жаңыланып, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү, жаңы пол төшөлдү.

“№33 мектеп-гимназиянын камкордук көрүүчүлөрү” коомдук бирикмесинин жана подрядчиктердин каражатына төмөнкү спорттук жабдыктар орнотулду: 20 шведдик стенок, баскетболдук шакекче, волейболдук түркүктөр. Спорттук зал сабак өтүүгө жана спорттук иш-чараларды уюштурууга толук даяр.

Мектептин окуучулары тарабынан концерт уюштурулуп, анын алкагында алар спорттук тематикада флеш-моб көрсөтүштү, ошондой эле гимназиянын бий жамааты өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Салтанаттуу иш-чарага Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков, шаардык финансы башкармалыгынын башчысы И.Б.Аденов, Шаардык билим берүү башкармалыгынын жана Свердлов райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү катышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу