Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/11 09:40
 

Бүгүн калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт

Бүгүн калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. «Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 16-ноябрда саат 9:00дон 15:00го чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Белинский» суу алгычын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Калык Акиев, Курөңкеев, Логвиненко, Чүй, Панфилов, Жибек-Жолу, Абдрахманов жана Абдымомунов көчөлөрүндө таза суу берилбейт. Анын ичинде: «Кожомкул атындагы спорттук-маданий борбордо», Т.Сатылганов атындагы филармонияда, «Фабертэк» ЖЧКсында, №3 шаардык гинекологиялык ооруканасында, «Жапан Стайл» ЖЧК дүкөнүдө, «Океан» ЖЧКсында, «Пекин» ресторанында, Кыргыз драм театрында, Улуттук китепканада, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде, «Улуттук статистика комитетинде», «Спартак» стадионунда, Кыргыз билим берүү академиясында, "Телеком" филиалында, Биринчи май райондук администрациясында, Тоголок Молдо көчөсү менен Жибек –Жолу проспектисинин кесилишиндеги энергосбытта, №33 орто мектебинде таза суу берилбейт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу