16.11.2016, 09:36

Шашылыш билдирүү: 16-17-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. 2016-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү Республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт жана зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.