Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/11 09:27
 

Азирети муфтий Малайзия гуманитардык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту

Азирети муфтий Малайзия гуманитардык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Малайзия мамлекетинин “Жаким” Ислам министрлигинин колдоосу менен мусулман өлкөлөрүн кыдырып жүрүшкөн MyCARE Малайзия Гуманитардык уюмунун өкүлдөрү Ахмад бин Мухаммад Иса, Нур Адила бинти Мухаммад Сапии, Амирул Ари бин Абдулвахаб, Мухаммад Нур Айман бин Мухаммад Зейд, Кадыркулова Нуржамал Каныбековна менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын баса сөз кызматы билдирди.

Азирети муфтий Малайзия мамлекетинен келишкен өкүлдөрдү жылуу кабыл алып, кыргыз элинин меймандос калк экендигин айтып өттү. Ошондой эле эки тараптуу жолугушуунун алкагында MyCARE Малайзия Гуманитардык уюмунун өкүлдөрү мусулман өлкөлөрүнө камкор жана тынч дүйнөнү түзүүгө жардам берүү, өзгөчө кырдаалдарда психологиялык колдоо, каражат чогултуу боюнча иш-чараларды уюштуруп, гуманитардык жардам көрсөтүү экендигин айтып өтүштү. Ошондой эле ар бир мусулман өлкөлөрү тууралуу чакан тасма даярдап, малайзия мамлекеттик телеканалынан көрсөтүү экендигин кошумчалашты.

Ахмад бин Мухаммад Иса, Нур Адила бинти Мухаммад Сапии Малайзия мамлекетинен Сауд Арабия Падышачылыгына чейин велосипед менен барышаарын айтышып, ар бир өлкөнүн кооздугу, жашоо турмушу менен таанышып чыгышат.

Амирул Ари бин Абдулвахаб учурда Малайзиядан тартып, Таиланд, Бирма, Индия, Непал, Пакистан, Кытай жана Афганистан мамлекеттеринен кийин Кыргызстанга келгендигин айтып, акыркы сапар Сауд Арабия Падышачылыгынан аяктаарын айтып өттү. Муну менен катар MyCARE Малайзия Гуманитардык уюмунун өкүлдөрү 25-ноябрга чейин өлкө аймагындагы мечиттерди жана диний окуу жайлардын ишмердүүлүктөрү менен таанышып чыгышаарын айтып, Азирети муфтийдин жылуу кабыл алгандыгына ыраазычылыгын билдиришти.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу