Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/11 18:49
 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкек, 15-ноябрь /Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Төмөндө Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм.

Айыл чарбасын – кыргыз экономикасынын артыкчылыктуу тармактарынын бири катары өнүктүрүүдө сиздердин мандай териңиздер, жерге болгон кылдат мамилеңиздердин натыйжасы зор.
Кыргызстанда айыл чарба, тамак-аш жана агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүгө, азык-түлүк коопсуздугун түздөн-түз камсыз кылууга бардык шарттар түзүлүүдө. Алгачкы жолу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоого, малды идентификациялоого каражаттар бөлүнүүдө.

Ал эми ЕАЭБ мейкиндигинде чыгуу үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана ата мекендик өндүрүштү колдогон улуттук долбоорлорду иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө Сиздер ири салымыңыздарды кошуп келесиздер.
Ардактуу айыл эли, мекендештерим!
Мамлекеттин бийик максаттарын ишке ашырууда Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр жана адамзаттык бардык жакшылыктарды каалайм.

Кадырман элибиздин кырманы данга, өрүшү малга толсун. Кутман жерибизде ар дайым тынчтык болсун».

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу